Токтогулда ысырапкерчиликке каршы түшүндүрүү иштери жүрдү

23-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 38

Токтогул районунда ысырапкерчилик, жол кырсыктарын алдын алуу жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жөнүндө жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында ысырапкерчиликке каршы чыгарылган Жарлык туурасында  түшүндүрүлүп, жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү буга каршы эмес экенин билдиришкен.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарына байланыштуу көрүлүп жаткан чараларга кайдыгер карабай, жол эрежелерин так сактоо керектиги жарандарга эскертилди.

Жыйынга Токтогул районунун прокурору, РИИБ кызматкерлери, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана башкалар катышты.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери ата-энелерди жаш өспүрүмдөрдү тынымсыз көзөмөлдөөгө, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда тыгыз кызматташууга чакырды.

 

23-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X