Тон токой чарбасында көчөттөрдүн сапаты жакшыртылат
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тон токой чарбасына барып, анын ишмердүүлүгү жана көчөтканасынын абалы менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр көчөткананы көрүп, анда өстүрүлүп жаткан көчөттөрдүн абалына баа берди. Ошондой эле токой көчөттөрүнүн түрлөрүн көбөйтүү, сапатын жакшыртуу жана өстүрүү технологияларын өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, токой чарбасынын ишин натыйжалуу уюштуруу, өздүк кирешесин көбөйтүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелерине токтолду.
Акыл Токтобаев алдыдагы жазгы токой отургузуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүү, көчөттөрдү өз убагында даярдоо жана токойлорду калыбына келтирүү иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында өлкө боюнча 1 миллионго жакын көчөт отургузулуп, мамлекеттик токой фондунун аймактарына 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет.