Тору-Айгырдагы 100 МВт күн электр станциясы августта ишке берилет
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан күндөн энергия алуучу электр станцияларын кыдырып чыкты. Анын жүрүшүндө Тору-Айгыр айылындагы кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясынын курулуш иштери учурда 70–80 пайызга жыйынтыкталганы маалымдалды. Бул объектти үстүбүздөгү жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Мындан тышкары, облус аймагында кубаттуулугу 175 МВт болгон дагы бир күн электр станциясы курулуп жатат. Маалыматка ылайык, аталган объект боюнча иштердин 10 пайызы аткарылган. Станциянын биринчи фазасын июль айына чейин бүткөрүү мерчемделүүдө.