Бүгүн, 18-декабрь саат 09:00го карата өлкөнүн ашууларында каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Азыркы тапта кар жаап жатат, жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Ошондой эле, кечээ, 17-декабрь саат 18:40дан тартып Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө азыркы тапта күчүндө. Мындан тышкары, Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык.

