Түгөлбай Казаковдун 75 жылдыгына арналган «Үч кайнар» чыгармачылык кечеси өттү
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Түгөлбай Казаковдун 75 жылдык мааракеси белгиленди. Анын урматына 13–14-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Үч кайнар» аттуу чыгармачылык кече өттү.
Эки күнгө созулган иш-чарада белгилүү обончу жана композитордун кыргыз музыкасына, маданиятына жана улуттук искусствого кошкон салымы даңазаланды.
Кеченин жүрүшүндө Түгөлбай Казаковдун калемине таандык чыгармалар аткарылып, көрүүчүлөргө анын обон-күүлөрү жана чыгармачылык мурасы тартууланды.
Мааракелик кечеге өнөр адамдары, маданият өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар жана музыка сүйүүчүлөр катышты. Алар маараке ээсине куттуктоолорун жана жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.
Белгилей кетсек, Түгөлбай Казаков учурда Кыргыз улуттук «Манас» театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенет.