Турат МАДЫЛБЕКОВ, ЖКнын мурдагы депутаты: “КУМТӨР БОЮНЧА ЧЫККЫНЧЫЛАРДЫН АТЫ АТАЛЫШЫ КЕРЕК”
Экс-депутат Турат Мадылбеков өлкөнүн соңку жылдардагы эң чуулгандуу маселелери – Кумтөр, чек ара, уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупция тууралуу ачык маек курду. Ошондой эле Садыр Жапаров менен парламентте чогуу иштеген күндөрүн эске салып, Кумтөр боюнча комиссиянын ишин, ал кезде болгон саясий басымдарды, “Президент” тасмасында айтылбай калган чыккынчыларды жана бүгүнкү бийликтин чечкиндүү кадамдарын кеңири баяндады.
— Туратбек Мадылбекович, Президент Садыр Жапаров менен бир мезгилде парламентте чогуу депутат болгонсуз. Ал кезде көтөргөн маселелер бүгүн иш жүзүнө ашып жатабы?
— Садыр Нургожоевич менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында чогуу депутат болуп, элге бирге кызмат кылдык. 2012-жылдары мен командировкада жүргөндө Кумтөр боюнча атайын комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан депутаттар кирип, төрагалыгына Садыр Жапаров шайланыптыр. Чынын айтканда, ал комиссия абдан жигердүү иштеди. Кумтөр боюнча тиешелүү болгон бардык маалыматтар чогултулду. Экологиялык бузулуулар, Кыргызстандын үлүшүнүн азайып кеткени, келишимдердин адилетсиздиги айтор, бардык маселелер фактылар менен далилденип берилген. Ал учурда депутаттардын дээрлик баары Акаев менен Бакиевдин учурунда түзүлгөн келишимдерге нааразы болчу. Ошондуктан, Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын ишинен кийин Кумтөр акыры Кыргызстанга кызмат кылат деген ишенимибиз күчтүү эле. Бирок тилекке каршы, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз кийлигишүүсүнөн улам көп депутаттар комиссия сунуштаган долбоорду колдой албай калышты. Добуш берүүдө 35 депутат “макул”, 45 депутат “каршы” деп чыкты. Ал убакта маселелер фракцияларда чечилчү. Көпчүлүк депутаттар жүрөгү менен Садыр Жапаровду колдогону менен, Атамбаевдин өтүнүчүн аткарып, каршы добуш берүүгө аргасыз болушкан.
Мен болсо “Ата Мекен” фракциясынын айрым белдүү депутаттарынын айтканына карабай, Садыр Жапаров жетектеген комиссия сунуштаган долбоорду колдогом. Биздин фракциядан болгону үч депутат гана колдодук. “Президент айтты” деп эле Кумтөрдөн айрылып калмак белем деген ой болгон. Садыр Жапаров бул маселеге катуу турду. Кийин ал үчүн абдан оор запкы да тартты. Бирок жыйынтыгында максатына жетип, Кумтөрдү 100% мамлекетке кайтарды.
— “Президент” тасмасында бул тарых толук берилдиби же унутта калган жагдайлар да барбы?
— Унутта калган маанилүү жагдайлар бар экен. Айрыкча чыккынчылар көз жаздымда калыптыр.
2003-жылдын 31-декабрынан кийин Кумтөр толук кандуу Кыргызстандын карамагына өтүшү керек болчу. Бирок убактысы бүткөнүнө карабай, биздин эле айрым кесиптештер Аскар Акаевдин тапшырмасы менен Кумтөрдүн жетекчилиги менен жаңы келишим түзүп, кенди 100 пайыз Кыргызстанга өткөрбөстөн, көбүн компанияга, азын мамлекетке калтырган чечим кабыл алышкан.
Көпчүлүк “Кыргызстанды сызга Танаев отургузган” деп ойлойт. Бирок чындыгында андай эмес. Бир эмес, эки жерге кол коюп, ошол эле учурда эки чоң кызматты бирдей аркалап турган адамдар болгон. Дал ошолор Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн азайтып, чет элдик компанияга көбүрөөк калтырган документтерди кылдат даярдап бүтүрүшкөн.
Эгер “Президент” тасмасынын дагы бир сериясы тартылса, ошол чыккынчылардын аттарын так атап бериш керек. Эл кимдер чыккынчылык кылганын билиши зарыл. Аларга убагында кылмыш иштери да козголгон. Бирок “мөөнөтү өтүп кетти” деген шылтоо менен иштер кыскартылып кеткен. Менимче, Кумтөр маселесинде “мөөнөтү өттү” деген түшүнүк болбошу керек. Канча алтын уурдалды, кайда кетти – булар келечекте ачык көрсөтүлүшү зарыл.
Бүгүн Кумтөр кыргыз элине кызмат кылып жатат. Бирок 2003-жылдан баштап кимдер чыккынчылык кылганы документтер менен ачыкка чыгышы керек. Келишимдерге кол койгон адамдардын баары жоопко тартылышы зарыл.
Мурда козголгон иштерди кайра жандандырып, кайрадан карап чыгуу керек. Кумтөр –Кыргызстандагы эң маанилүү стратегиялык маселе. Эл чын жүрөктөн ыраазы боло тургандай чечимдер кабыл алынышы зарыл.
— Чек ара маселеси эмне себептен мурдагы бийликтердин тушунда чечилбей келди? Шалаакылыкпы же ал ишти жасоого батынбагандыкпы?
— Негизи чек ара маселесин Аскар Акаев эгемендиктин алгачкы жылдарында эле чечип койсо болмок. Ал кезде Тажикстанда жарандык согуш жүрүп, Эмомали Рахмондун бийлиги өтө алсыз эле. Ал согуш Кыргызстандын президенти менен парламентинин түздөн-түз жардамы аркылуу токтотулган. Ошол учурда Тажикстандын жетекчилиги Кыргызстанга көз каранды болчу десек жаңылышпайбыз. Ал кезде эки эл чек ара маселесине анчейин маани берчү эмес. Союз маалында эркин каттап жүрө беришчү. Эгер ошол кезде документтер менен тактап койгондо, бүгүнкүдөй кан төгүүлөр, кагылышуулар болбойт эле.
Мен депутат кезимде чек ара маселесине өзгөчө кызыгып, бардык архивдик документтерди карап чыккам. Ошол учур чек араны тактоого эң ыңгайлуу мезгил болгон. Кийин мамилелер бузулуп, кырдаал татаалдашып кетти. Себеби, Эмомали Рахмон убакыт өткөн сайын атаандаштарын алсыратты, бийлигин бекемдеди. Акыры Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин чечкиндүүлүгү менен бул маселе чечилди.
— Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш чын эле жыйынтык бердиби?
— Албетте берди. Уюшкан кылмыштуу топтор 1991-жылдары рынок экономикасы ачылганда Кыргызстанга кирип келген. Мен Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыкты жетектегем. Ал кезде өлкөдө 30га жакын кылмыштуу топ бар болчу. Биз алардын көбүн жок кылганбыз. Мен иштеген мезгилде мамлекет айлык төлөй албай турган, техника жок, шарт абдан оор болчу. Ошого карабай кылмыштуу топтор менен катуу күрөшкөнбүз.
Кийин ОПГ мамлекеттик түзүмдөргө чейин кирип кеткен учурлар болду. Айрым депутаттар, айрым чиновниктер алар менен кызматташканы тууралуу маалыматтар келип турчу. Азыркы бийлик бул маселеге олуттуу киришип, уюшкан кылмыштуу топторду түп-тамырынан жок кылууга аракет кылып жатат. Бул күрөш сөзсүз улантылышы керек.
— Коррупцияга каршы күрөш максатына жетип жатабы?
— Коррупциялык схемалар 1994- 1995-жылдардан тарта түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин жашап келди. Коррупция – экономикабызды ичинен жеген мите курт. Бажыда, салыктарда, жол курууда, министрликтерде – бардык жерде тамыр жайган.
Азыр коррупция ооздукталып калды, бирок толук жоголду деп айтууга эрте. Себеби, бул системага айланып кеткен көрүнүш. Ошондуктан кадрлардын сапатына өзгөчө көңүл буруу керек.
— Билим берүү тармагына кандай баа бересиз?
— Билим берүү бүгүн эң чоң көйгөй. Биз окуган мезгил менен азыркы учурдун айырмасы асман менен жердей. Бир класста 40–45 бала отурса, мугалим кантип сапаттуу билим берет?
Мектептердин санын көбөйтүп, класстарды 20–25 баладан ашырбай, мугалимдерди күчтөндүрсөк гана натыйжа болот. ЖОЖдордун контракт баалары да элге оор болуп жатат. Бюджет өстү, эми биринчи кезекте балдардын келечегине инвестиция салышыбыз керек.
Чынайым Кутманалиева