Турдакун Усубалиевдин даңазалуу өмүрү
Өткөн жумада Улуттук тарых музейинде жазуучу Бактыбек Максутовдун “Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев” китебинин бет ачары болуп өттү. Иш-чарага КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, акын-жазуучулар, улуу инсан туулуп-өскөн Кочкор районунун белгилүү аксакалдары, катышты. Музейге Т.Усубалиевдин өрнөктүү өмүрүн чагылдырган фото-көргөзмө да коюлган.
“Турдакун Усубалиев жаны тынбаган, күжүрмөн, иштерман адам болчу. Мамлекеттин экономикалык программасын, багытын иштөөдө анын укуктук негизин эске алып турган. Эмгек жамааттарында жумуштар кандай аткарылышы керектигин көбүрөөк жазган. Ошол учурда суу байлык экенин биринчи айтып, маселени кабыргасынан койгон. Анын “Суу – алтындан да кымбат” деген китеби чыккан. Бул китебинде кыргыз өлкөсүнүн суу саясаты кандай болуусу керек, кандай катачылыктар кетти, аны оңдоонун жолдорун жазып, кийин суу боюнча мыйзам долбоорун да жазды. Анда сууну пайдаланып жаткан коңшу өлкөлөр Кыргызстандагы суу сактагычтарына акы төлөшсүн, анын тегерегиндеги экологиялык өзгөрүүлөрдү оңдоого жардам беришсин деген талапты койгон. Мыйзам долбоору бир жыл бою тынымсыз талкууда болуп, жыйынтыгында 1997-жылы “Кыргыз сууларын эл аралык жол менен пайдалануу жана алардын баалары, наркы тууралуу” деген мыйзам кабыл алынган.
Мен Усубалиев менен 5 жыл үзөңгүлөш иштеп, кандай эмгекчил адам экенин көрдүм. Айрым китептерине редактор болдум. Бир сөзгө миң жолу маани берип, кабыл алынган токтомдун ар бир пункту боюнча жыйындарды өткөрчү. Мындай ишмердик Усубалиевдей өжөр адамдын гана колунан келет. Мамлекет үчүн эбегейсиз эмгек өтөгөн ушундай адамдар жөнүндө жазып, даңазалап, элге жайылтууда көп аракеттенген Бактыбек Максутовдун китебинин келечеги кең болуп, өз окурмандарын тапсын”, — деди мамлекеттик катчы.
“Турдакун Усубалиевич өлкөнү 25 жыл жетектеп турганда Кыргыз Республикасынын эл чарбасын, айыл чарбасын, өнөр жайын, энергетикасын, экономикасын, курулушун, адабиятын, маданиятын жакшы түшүнгөн. Мен Турдакун Усубалиев менен жакындан таанышсам, даңазалуу, жоопкерчиликтүү жашаган өмүрү жөнүндө билсем деп көпкө ойлонуп жүрдүм. Ошондон 15 жыл өткөндөн кийин 1992-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келдик. Ал киши менен бир столдо жанаша отуруп калдым. Ошондон кийин дайыма жанында жүрүп, кеп-кеңештерин угуп, таалим-тарбиясын алдык. Өлкөнүн талылуу маселелерин чечүүдө бир пикирде болдук. Билгендеримдин баарын макала кылып жазып жүрдүм. Көп жагдайлар унутулуп, билинбей баратканда баарын топтоп, китеп кылып жазып чыктым”, — деди Бактыбек Максутов.
Легендарлуу парламенттин депутаты, жазуучу Бактыбек Максутовдун бул китебинен окурмандар Турдакун Усубалиевдин өмүр таржымалын, анын ата-теги болгон Калыгул Бай уулу, Ормон Ниязбек уулу, ата-энеси, балалык чагы, Москвада окуган жана КПСС БКнын аппаратында иштеген жылдары, үй-бүлөсү, Улуу Ата Мекендик согушка эмне себептен кетпей калганы, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчылык кызматынан кетиши, аны менен замандаш болгон Чыңгыз Айтматов, Султан Ибраимов, Тургунбай Садыков, Асанкан Жумакматов, Калый Молдобасановдор менен үзөңгүлөш иштеши, борбор шаардын көркүн ачкан имараттар, Соң-Көлдүн соолубай калышы, чатактан кийин Чаткалдын көлгө айланбай калышы, Л.Брежневдин Кыргызстанга келиши тууралуу баа жеткис маалыматтарды алса болот.