Апрель айында жазгы талаа жумуштарынын ыргагы өткөн жылга салыштырмалуу артта калганын Улуттук статистика комитети билдирди. Буга аба ырайы себеп болгон. Маалыматка караганда быйылкы айдалган жерлер Чүй облусунда 42 пайызды, Ош облусунда 20,3 пайызды, Ысык-Көл облусунда 14,2 пайызды, Жалал-Абад облусунда 13,8 пайызды түзгөн.