“ТУТКУН” ТАРЫХЫЙ ЧЫНДЫК
Бишкекте режиссёр Темир Бирназаровдун «Туткун» аттуу көркөм тасмасынын бет ачары болуп өттү. Чоң залга көрүүчүлөр батпай, айрымдар тасманы туруп көрүүгө аргасыз болушту. Бул кыргыз киносунда тарыхый темага болгон кызыгуу күчөгөнүн дагы бир ирет тастыктады.
«Туткун» тасмасы КР Эл жазуучусу, мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин «Тагдыр тууралуу ыр» аттуу чыгармасынын негизинде Кыргызстанда жана Германияда тартылган. Фильмде Экинчи дүйнөлүк согуш маалында туткунга түшүп, советтик бийликтин катаал саясатынын айынан мекенине кайта албай калган Калмурат аттуу кыргыз жигитинин тагдыры баяндалат.
Кинонун негизги өзөгү – бир туугандык сагыныч, Мекенге болгон кусалык жана тоталитардык системанын адам тагдырына жасаган зомбулугу. Согуш аяктагандан кийин да «душман» деген түшүнүктөн чыга албай, карапайым адамдарды өмүр бою көзөмөлдөп, алардын жеке жашоосуна чейин кийлигишкен советтик саясат көркөм, бирок курч ыкмада ачылып берилет. Айрыкча КГБ кызматкеринин жалган «бакубат жашоону» түзүп, Германиядагы бир тууганга жасалма сүрөт жана кат жөнөткөн эпизоду ошол доордун таш боор идеологиясын даана чагылдырат.
Тасмада Абды Сатаров, Жеңиш Сманов, Канатбек Шабдалиев баштаган актёрлор роль жараткан. Режиссёр Темир Бирназаровдун айтымында, тасманы тартууга мамлекет тарабынан 24 миллион сом бөлүнгөн. Кинонун сценарийи 2023-жылы жазылып, тартуу иштери 2024-жылы башталган.
Темир Бирназаров: «Империялык саясаттын курмандыктарын көрсөтүүгө аракет кылдым»
— Темир мырза, «Туткун» тасмасын коомчулук кандай кабыл алды деп ойлойсуз?
— Көрүүчүлөрдүн реакциясынан улам жакшы кабыл алынды деп ишенем. Элдин ыйлап, ойго чөгүп чыкканын көрдүм.
— Көпчүлүк көрүүчүлөр фильмден Мекенге, элге болгон сагынычты көрүп, көзүнө жаш алганын айтышууда. Бул сезимди берүү канчалык кыйын болду?
— Чыныгы чыгарма жаратуунун түйшүгү ар дайым оор. Айрыкча тарыхый кино тартуу – эки эсе жоопкерчилик.
— Тасмадагы эң оор эпизод кайсы болду?
— Тарыхый темадагы ар бир эпизод оор. Себеби, ал ойдон чыгарылган эмес, чыныгы тагдырларга таянат.
— Актерлорду тандоодо эмнеге өзгөчө көңүл бурдуңуз?
— Башкы каармандын жүзүндө жерине, элине болгон кусалык көрүнүп турушу керек эле. Ошол ички абалды бере ала турган актёрлорду тандадык.
— Кинодо коомдук эмес, ири империялык саясат сынга алынат. Бул сиздин позицияңызбы?
— Ооба. Мен чоң империялардын ортосунда курман болгон карапайым адамдардын тагдырын көрсөтүүгө аракет кылдым.
— «Туткун» сиздин мурдагы тасмаларыңыздан эмнеси менен айырмаланат?
— Темасы, стили жана көркөм чечимдери менен айырмаланат. Бул тема кыргыз киносунда буга чейин кеңири козголо
элек.
— Бул мамлекет каржылаган биринчи киноңузбу?
— Жок. Мурда да эки-үч тасмам мамлекеттин колдоосу менен тартылган.
— Алдыда кандай темаларда кино тартуу планыңыз бар?
— 1916-жылкы Үркүн тууралуу сценарий сунушталган. Көркөм кеңештен өткөн, бирок азырынча токтоп турат.
— Мамлекеттик каржылоонун көбөйүшү режиссёрлорго стимул бере алдыбы?
— Каражат көбөйсө эле мыкты кино жаралып кетпейт. Баары бир идея, жоопкерчилик жана талант биринчи орунда турушу керек.
Чынайым Кутманалиева