Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, Кыргызстанга ушул жылдын январь-сентябрь айларында тыштан 746 млн доллар инвестиция келгенин айтты.
Ал 13-декабрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынынында сүйлөп жатып бул 2023-жылдын тогуз айына салыштырганда 14% же 92 млн долларга көп экенин билдирди.
Кыргызстанга эң көп инвестицияны Кытай салган — 221 млн доллар, андан кийин Орусия 192 млн доллар, Түркия 71 млн доллар, Казакстан 48 млн доллар жана Нидерланды 33 млн доллар инвестиция салган.