Түркиянын Стамбул шаарында 12-14-декабрь күндөрү өткөн каратэ боюнча «Turkish Open Karate» эл аралык мелдешинде кыргыз спортчулары 3 медаль жеңип алышты.
Мелдеште 35 мамлекеттен келген 1700гө жакын спортчу күч сынашты. Кыргызстандын атынан жалпы 11 каратэчи катышып, 3 коло медалга ээ болушту. Алар:
- Раид Абожмей 8-9 жаштагылар арасында 30 кг чейинки салмак категориясында (кумитэ);
- Нуртилек Саидов 16-17 жаштагылар арасында 55 кг чейинки салмак категориясында (кумитэ).
- Айдар Жолчиев, Тимур Жолчиев, Азиз Муратов жана Эмир Жалаловдон турган курама команда 16-17 жаштагылар арасында командалык беттеште коло медаль утту.
Кыргыз спортчуларын Кыргызстандын Улуттук Сетокан каратэ-до федерациясынын улук машыктыруучусу Абдибек Апсатаров жетектеп барды.

