Учак кырсыгы. Бир нече «бөтөн объектилер» табылган

5-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

Актауда кыйраган AZAL учагы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлигинин башчысы Марат Карабаев “Казинформ” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Алдын ала маалымат жакынкы күндөрү билинет. Адистерге кырсыктын себептерин туура жана так аныктоо үчүн убакыт керек. Бул аябай түйшүктүү иш”,-деди ал.
Ошол эле учурда учактын конструкцияларынан бир нече «бөтөн объектилер» табылганы маалым болду. Алар кошумча экспертизага жөнөтүлмөкчү.

«Бөтөн объектилер» келтирген зыянды аныктоо үчүн жаңы экспертизалар жүргүзүлөт.
Бул алдын ала жазылган отчет. Маалымат дагы такталып, кошумчаланышы ыктымал»,-делет маалыматта.

Эске салсак, өткөн жылдын 25-декабрында Актау аэропортунан үч чакырым алыстыкта Azerbaijan Airlines (AZAL) Embraer учагы кыйраган. Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак авариялык конууга аракет кылып жатып кулап түшкөн.

Учакта 67 адам, анын ичинде беш экипаж мүчөсү болгон. Кырсыктын кесепетинен 38 жүргүнчү каза болуп, 29 адам аман калган.

5-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X