УКМК: 15 млн сомдон ашык баңгизат алынып, төрт жаран кармалды
УКМК Кыргызстандагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан бир нече эл аралык каналдын ишине бөгөт койду. Атайын кызматтын маалыматына караганда, операциялардын жүрүшүндө жалпы наркы 15 млн сомдон ашкан мефедрон, гашиш жана марихуана алынды.
УКМК Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга ири өлчөмдө марихуана жеткирүүгө тиешеси бар эл аралык баңгизат тобун аныктаган.
Мындан тышкары, өлкө ичинде баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенген туруктуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
Ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды кошкондо, ар кандай маңзаттарды сатууга байланышкан бир нече трансулуттук топ аныкталган.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын төрт жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо жана иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.