УКМК 352 млрд сомду мамлекетке кайтарды

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин штаб-квартирасында улуттук коопсуздук органдарынын 2025-жылга карата оперативдик жана кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиялык жыйын өттү.

Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев катышты. Коллегияга УКМКнын борбордук аппаратынан, линиялык жана аймактык бөлүмдөрүнөн жетекчилер чакырылды.

Жыйында Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздук органдарынын мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту жана тартипти бекемдөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштө жогорку натыйжаларды көрсөтүп жатканын белгиледи.

Отчеттук мезгилде мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө, кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерин аныктоого жана алдын алууга өзгөчө көңүл бурулганы айтылды. Коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берери жана бул багытта иштер системалуу, институционалдык негизде жүргүзүлүп жатканы баса белгиленди.

Коллегиянын жүрүшүндө акыркы беш жыл ичинде жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 352 миллиард сомду (4,14 миллиард АКШ долларына барабар) түзгөн каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер тилкелери жана башка материалдык баалуулуктар кайтарылып берилгени маалымдалды.

Кайтарылган каражаттар Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулган. Алар Мамлекет башчысынын жеке буйругунун негизинде гана социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталат.

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X