УКМК корррупцияга аралашкан жеке медициналык лабораториянын жетекчисин кармады

6-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 35

Жеке медициналык лабораториялардын ишмердүүлүгүндөгү коррупция аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Ага ылайык, УКМК тарабынан Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында, элге лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн жеке менчик “Е” медициналык лабораториясынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган.

Аталган компания Саламаттыкты сактоо уюмдарында биоматериалдарды кабыл алуу пункттарын жайгаштыруу боюнча артыкчылыктуу укуктарды алуу максатында, медициналык мекемелердин жетекчилерине жогоруда аталган лабораторияда гана лабораториялык изилдөөлөрдү базар баасында жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн, акча каражатын системалуу түрдө берип турган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, аталган ишкананын кызматтык имаратында тинтүү жүргүзүлгөн.

«Тинтүү учурунда финансылык документтер, анын ичинде маркетингдин мыйзамсыз ыкмаларын жана өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн медициналык кызматкерлерге накталай акча каражатын төлөө менен абийирсиз атаандаштыктын колдонулушун тастыктаган «кош» бухгалтерия алынган», — деп айтылат маалыматта.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган ишкананын жетекчиси Я.С., кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоодо.

6-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X