УКМК: Кыргыз чек арачысын тажик чек арачылары сабаган
Кыргызстандын чек арасындагы аскер кызматкерин Тажикстандын чек ара аскерлери кармап алып ур-токмокко алганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек кара кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, аскер кызматкери 19-мартта Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сада тилкесинде кызмат өтөп жаткан. Ал учурда чек ара линиясынан белгисиз автоунааны көрүп калып, кармоого аракет кылып жатып тажиктердин чек арачылары турган тилкеге өтүп кеткен.
Тажикстан чек арачылары кыргызстандык чек арачыны кармап алышкан.
«Лейлек району жана Ганчинск району боюнча чек ара өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүп, натыйжада тажик тарап кармаган аскерди Кыргызстанга өткөрүп беришкен. Бирок, алар кармап турган учурда кыргыз чек арачысын сабашкан. Анын кесепетинен, башы жарылып, денеси тытылып, кийими канга боёлуп чыккан кыргыз чек арачысы тажик аскерлери менен урушуп кеткенин айткан.
Учурда ал ооруканада дарыланып жатат. Абалы туруктуу», — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Чек ара кызматы аталган факты боюнча териштирүү жүргүзүүдө.