Украинада кыргызстандыктарды эвакуациялоо башталды
Бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кыргызстандыктарды эвакуациялоо башталганын билдирди.
“Жарым сааттын ичинде Украинада комендаттык сааттын убактысы бүтөт. Андан кийин биздин жарандарды эвакуациялоону баштайбыз. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз”, — деп элчи өзүнүн «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына Бишкек убактысы боюнча саат 12.00дө жазды.
Эске салсак, кечээ, 27-февралда КР Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктардын бир бөлүгү украин-польша чек арасынан өткөнүн кабарлап, жарандар Польшанын Кендзежин-Козле шаарындагы коопсуз жайда экенин билдирген. Консулдук жарандарды мейманканага жайгаштырууну колго алган.
Кыргызстандык жарандардын дагы бир бөлүгү украин-молдова чек арасынан өтүп, алар Кишинев шаарында жана Леордоайдагы «Manas yurt village» комплексине жеткирилгени белгилүү болгон.