Улан Досматов, “Ош Азия” кирпич заводунун жетекчиси: Чакан ишкана болсок да ири заводдор менен теңтайлашып иштеп жатабыз
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагында жайгашкан “Ош Азия” кирпич заводу аймактын курулуш тармагына салым кошуп келе жаткан өндүрүш ишканаларынын бири. Он жылдан ашуун убакыттан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жаткан ишкана бүгүнкү күндө суткасына 15 миңден 20 миңге чейин кирпич чыгарат. Акыркы жылдары ири кирпич заводдору көбөйүп, атаандаштык күчөгөнүнө карабастан, “Ош Азия” өз кардарларын сактап, рыноктогу ордун бекем кармап келет. Ишкананын жетекчиси Улан Досматов менен өндүрүштүн бүгүнкү абалы, атаандаштык, жумушчу күчү жана келечектеги пландар тууралуу маектештик.
— Улан мырза, алгач ишканаңыздын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз…
— Биздин негизги багытыбыз – курулушка керектелүүчү бышкан кирпич өндүрүү. Ишкана он жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келет. Ушул убакыт аралыгында биздин продукцияны колдонуп үй салган, чарба курулуштарын курган кардарларыбыз арбын.
Кирпич өндүрүү бир нече этаптан турат. Алгач чийки кирпич даярдалып, белгилүү мөөнөттө кургатылат. Андан кийин атайын мештерде бышырылып, даяр продукция катары кардарларга сунушталат. Биздин негизги кардарларыбыз Кара-Суу району жана ага коңшу айылдардын тургундары. 
Акыркы эки жылда аймакта бир нече ири кирпич заводу ишке кирди. Албетте, бул атаандаштыкты күчөттү. Алардын өндүрүш көлөмү биздикинен кыйла жогору. Мисалы, биз беш-алты күндө чыгарган кирпичти алар бир күндө өндүрүп коюшат. Бирок ошого карабастан биздин дагы өз кардарларыбыз бар. Алар көп жылдан бери биздин продукциянын сапатына ишенип, туруктуу өнөктөш болуп келишет.
Баалар боюнча айтсак, рыноктогу кырдаалга жараша бааны туруктуу кармоого аракет кылабыз. Учурда бир даана кирпич орточо эсеп менен 7–8 сомдон сатылууда. Курулуш иштери негизинен жай мезгилинде күчөгөнү менен кышында дагы суроо-талап токтоп калбайт. Ошондуктан жайында мүмкүн болушунча көбүрөөк продукция даярдап алууга аракеттенебиз.
— Кирпич өндүрүү үчүн керектүү чийки заттарды кайдан аласыздар?
— Кирпич өндүрүшүндөгү негизги чийки зат – сапаттуу топурак. Бактыга жараша биздин айыл аймагына жакын жерде карьер жайгашкан. Керектүү топуракты ошол жерден алып келебиз. Ошондой эле өндүрүштө көмүр жана суу колдонулат. Сууну жакынкы каналдан алабыз.
Учурда чийки зат боюнча олуттуу маселе жок. Топурак дагы, көмүр дагы жетиштүү. Бул өндүрүштү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, чийки заттын жакын жайгашканы чыгымдарды азайтып, продукциянын өздүк наркын төмөн кармоого жардам берет.

— Өндүрүштө кандай технологиялар жана жабдуулар колдонулат?
— Биздин ишкана ири заводдор сыяктуу толук автоматташтырылган эмес. Өндүрүштүн көпчүлүк бөлүгү дагы эле жумушчулардын кол эмгеги менен аткарылат. Кирпичтин формасын даярдоо, аны кургатуу, жайгаштыруу сыяктуу иштерде адам күчү талап кылынса, кирпичти бышыруу процесси атайын жабдуулардын жардамы менен жүргүзүлөт. Биз үчүн эң негизгиси – продукциянын сапаты. Ошондуктан бардык технологиялык талаптарды сактоого өзгөчө көңүл буруп, чакан ишкана болсок дагы сапат жагынан ири заводдордон кем калбоону максат кылабыз.
— Жумушчулар менен камсыз болуу маселеси кандай?
— Өндүрүш кызуу жүргөн жай мезгилинде 30-40ка жакын адамды жумуш менен камсыздайбыз. Биздин иш сезондук болгондуктан, негизги өндүрүш май айынан башталып, октябрь айына чейин уланат.
Бирок, акыркы жылдары туруктуу жумушчу күчүн табуу кыйын болуп баратат. Айылдагы жаштардын көбү башка тармактарга же чет өлкөлөргө иштөөгө кетип жатышат. Ошондуктан өндүрүштө узак убакыт иштей турган жумушчуларды табуу оңой эмес. Ошого карабастан жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздап, ишкананын ишин үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылып келебиз.
— Бүгүнкү күндө ишкана үчүн эң маанилүү нерсе эмне деп ойлойсуз?
— Азыркы шартта эң башкысы — сапатты сактап калуу жана кардарлардын ишенимин жоготпоо. Атаандаштык күчөгөн сайын ар бир өндүрүүчү өз продукциясынын сапатына өзгөчө көңүл бурушу керек.
Биз дагы ушул принцип менен иштеп келебиз. Чакан ишкана болсок дагы талбаган эмгектин аркасында ири заводдор менен теңтайлашып иш жүргүзүп жатабыз. Алдыда өндүрүштү мындан ары да өнүктүрүп, жергиликтүү элди сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздоону улантабыз деген максаттарыбыз бар.
Кенже Осмоналиева