Улан-кыздар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

28-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 44

Бишкекте 19-26-июнда 17 жаштан 23 жашка чейинки улан-кыздар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Ага ылайык, чемпионатка 25 мамлекет спортчуларын жиберерин билдиришкен.

Чемпионаттын ачылыш аземине Азия күрөш федерациясынын жетекчиси Даулет Турлыханов жана Дүйнөлүк күрөш федерациясынын президенти Ненад Лалович катышат.

28-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 44
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X