Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Кара-Кулжа менен Өзгөн районунун ортосундагы жайыт маселеси чечилбей келе жатканын атты.
“Аталган маселе менен жеринде таанышуу үчүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин көчмө жыйынын өткөрүү зарыл. Бул боюнча иш алып баралы”, – деди ал.
Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо “Манас айылы” этнокомплексинин аймагы бузулуп жатканын баса белгилеп, Манаска байланышкан мекемелерге тийишпестен, колдоого алуу керек деген пикирин айтты.
Ошондой эле депутат Надира Нарматова этникалык кыргыздардын документ алуусуна жеңилдик берүү зарылчылыгына токтолуп, муну менен катар аларды турак жай менен камсыздоого жана кызмат орундарына тартууга жардам көрсөтүү керектигин белгиледи.