Улуттук энергохолдинг калкты жарыкты үнөмдөп пайдаланууга чакырды
Улуттук энергохолдинг калкты жарыкты үнөмдөп пайдаланууга чакырды. Анткени Токтогул суу сактагычында суу азайып кеткен. 22-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,4 миллиард метр куб көрсөткүчкө чейин азайып кетти. «Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 миллиардга төмөн көрсөткүч», — деп жазылат маалыматта. Улуттук энергохолдинг агып кирген суунун орточо суткалык көлөмү чыккан суудан үч эсеге аз болуп жаткандыгын билдирди.