Улуттук госпиталдын жогорку даражадагы нейрохирург дарыгери, Курултайдын эки жолку делегаты Дөөлөс Муратов: “КУРУЛТАЙ ТАЛАП КЫЛУУЧУ ЭЛЕ ЭМЕС, ИДЕЯ БЕРҮҮЧҮ ОРГАН ДА БОЛУШУ КЕРЕК”

9-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 128

— Дөөлөс Муратович, сиз Курултайга катышып, активдүүлүк көрсөтүп, саламаттык сактоо тармагында көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жүрөсүз. Кезектеги Курултайга да делегат болуп шайланыпсыз. Бул жолку жыйынды жакшыртуу, натыйжалуу кылуу үчүн кандай сунуштарыңыз бар?

— Мен III жыйынга катышкам. Быйыл да делегат болуп шайландым. Негизинен саламаттык сактоо тармагындагы маселелер боюнча кайрылуу жасап, аларды чечүү жолдорун сунуштап жүрөм. Миң уккандан бир көргөн жакшы демекчи, Курултайга катышкандан кийин чындыгында аны кантип натыйжалуу кылуу керек деген суроонун үстүндө ойлонбой койбойт экенсиң. Бул институтту натыйжалуу жана маанилүү кылуу үчүн биринчиден татыктуу инсандарды делегат кылып шайлоо керек. Алардын мыкты идеяларын, долбоорлорун, сунуштарын ишке ашыруу кажет. Жыйында делегаттарга 3 мүнөт убакыт берилет. Ушул убакытта айтылган сөздү угуп гана койбостон, алардын идеяларынын эң мыктыларын тандоо зарыл. Иш группасын түзүп, элдин арасында такшалган, пайдалуу долбоорлорду көрсөткөн инсандарды топтоп, Жогорку Кеңеш сыяктуу кылып жакшы сунуштардын үстүндө бир жыл бою иштесек жакшы жыйынтыктар болот деген ойдомун. Мисалы мен иштеп берүүгө даярмын. Саламаттык сактоо системасына реформа жасоо боюнча көп идеяларым бар.

— Буга чейин кандай жумуштар аткарылды? Саресеп салып көрдүңүз беле?

— Мен Чоң-Арык МТУдан делегат болуп шайлангам. Биздин бейтапкананын абалы өтө начар болчу. Андыктан жаңы имарат салуу боюнча сунуш киргизгем. Суранычыбыз аткарылып, 2 бейтапкана, бала бакча, мектеп салынды. Андан сырткары ички жолдор жасалды.

— Курултай институту канчалык деңгээлде маанилүү деп ойлойсуз?

— Бул элдик жыйын өтө маанилүү. Калк арасында айтылбай жаткан көйгөйлөрдү ачыкка чыгарат. Кыргызстандын чар тарабынан келген активисттер сын айтып, көйгөйлөр бетке айтылып, талкуу болот. Эл үчүн жасалып жаткан иштер үчүн ыраазычылыктар айтылат. Бирок, эки күндүк Курултай аздык кылууда. Эки күндүн ичинде ар бир делегат 3 мүнөттөн сүйлөйт. Анын жарымы сапаттуу сүйлөсө, калганы жөн гана убакытты алат. Өзүңүз билесиз, ар бир делегаттын сүйлөө манерасы ар кандай болот. Кээ бирөөлөр оюн жеткире айталбай калат. Ошондой учурларда убакыт текке кетпеш үчүн долбоорлорду жазуу түрүндө алып келүү жакшыраак го дейм. Анан да ар бир облустан саналуу жакшы иштеген адамдарды чогултуп, Президент алар менен такай иштеп турса жакшы болмок. Ал адамдарга Курултайдын мандаты берилсе, жумуш тынымсыз жүрүп турар эле.

— Делегаттарды тандоо иштерине нааразы болгондор бар. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

— Эл тараза – эл сынчы. Курултайга чынында жети дубандан ар түрдүү адамдар келет. Арасында билими бары, жогу да бар дегендей. Анткени менен аларды эл тандап жөнөтөт. Башкы көйгөй, ошол делегаттардын трибунага чыгып алып, өтө майда маселелерди көтөрүп жаткандыгында. Кыргыз элине жардам бере турган сунуштарды, алардын чечимдерин айткандар аз. Курултай талап кылуучу эмес, идея берүүчү орган болушу керек. Жыйында кайсы министрлик, жергиликтүү орган иштебей жаткандыгы ачык айтылышы керек. Ошондо иш алга жылат.

—  Саламаттык сактоо тармагындагы маселелерди чечүүнүн кандай жолдорун сунуштайсыз?

— Саламаттык сактоо тармагында реформа жасоо үчүн кадрларды алмаштыруу зарыл. Азыр жеке менчик клиникалар алдыда. Биз мамлекеттик клиникаларга басым жасап, элдин түйшүгүн жеңилдетишибиз шарт. Алгач багыттама (“направление”) деген кагазды жоюшубуз керек. Бул маселени тармакты санариптештирүү гана чечет деп ойлойм. Мен мурдагы Курултайда сунуштарымды айткам. Бирок 3 мүнөт аздык кылган. Ошондуктан эгер делегаттын ойлору маанилүү болсо, сөздү беш мүнөткө чейин берүү керек деген сунушту киргизер элем. Саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу боюнча чындыгында көп сунуштарым бар.

 Жазгүл Кенжетаева

9-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 128
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X