Улуттук нарк – улуттун уңгусу

30-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 200

Бишкекте Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында 27-майда  президент Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын негизинде атайын план-программа даярдоого байланыштуу талкуу болуп өттү. Бул талкуу президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө жарлыгынын алкагында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен өттү. Талкууга президенттик администрациянын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, журналисттер, мугалимдер, улуу муундагы белгилүү инсандар жана маданий ишмерлер келип катышты.Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө окумуштуулардын, бир катар коомдук ишмерлердин, маданият өкүлдөрүнүн улуттук идеология, улуттук наркты өнүктүрүү боюнча сунуш-пикирлери ортого салынды.

“Мен бул жерге келгендерди тил дегенде аттан түшкөн кыргыздын жарандары деп түшүнөм. “Өзүбүз оңолуш үчүн сөзүбүз оңолуш керек” деген жакшы бир сөз бар. Биз эл ичинде кылымдан-кылымга аңыз болуп, ооздон-оозго айтылып келе жаткан накыл кептерибизди, наркыбызды, салтыбызды чечмелеп, аны күнүмдүк жашоо-турмушубузда пайдалана билсек, бул биздин улуттун келечеги үчүн зор иш болор эле. Учурда эл ичин кандай гана агымдар аралап кеткен жок. Ар кандай саясий партиялардын, коомдук уюмдардын ар биринин каалаганы жакшылык. Бирок идеялары жакшы болгон күндө деле алардын пикирлери бир калыпка келбей, элибиз ой жагынан да, салт жагынан да, нарк жагынан да чачырап турган убак. Бүгүнкү илим менен техника тездик менен өнүгүп, адамдык асыл-нарктар унутулуп бараткан заманга кантип туруштук бере алабыз? Эмнебиз менен жок болуп кетпейбиз? Кандай саясатыбыз менен тикеден тик туруп наркыбызды сактап калабыз? Учурдагы глобалдашкан, өнүккөн, роботтор чыккан заманга жооп бере алган илим-билимибиз менен катар наркыбызды, салтыбызды жоготпой кирип барышыбыз керек” керек деди өзүнүн баш сөзүндө мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

“Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка өлкө башчыбыз Садыр Жапаров 21-майда кол койгон. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрь айына чейин мамлекеттик тилге жана тарыхый баалуулуктарга өзгөчө көӊүл буруу каралган атайын программа иштелип чыгышы керек. Документте диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо, өрнөктүү, нарктуу жаранды калыптандырууда чөлкөмдүк, этникалык жана материалдык кызыкчылыктардан улуттук аӊ-сезимдин артыкчылыгын эске алуу белгиленген. Муфтиятка салттуу ислам баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук наркын сактоодогу түшүнбөстүктөрдү жоюу үчүн керектүү чечимдерди кабыл алуу сунушталары жазылган. Муну менен бирге буга чейин калыптанган үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу маанилүү экендиги айтылган.

Жер жүзүндөгү ар бир улуттук нарк адамзаттын жан дүйнө казынасынын кайталангыс табылгасы болуп саналат. Жалпы адамзаттык нарк улуттук-этникалык маданияттардын көп түрдүү биримдигинен түзүлөт. Жаратылыштагы биоартүрдүүлүк сыяктуу эле адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүк да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Улуттук нарк башка элдерге да жакын жана түшүнүктүү болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирет. Ошондуктан ал калктардын, этностордун ортосундагы ынтымак-достукка, өз apa мамилеге шайкешип, бириктирүүчү кызматты аткарган.

Миӊдеген жылдар мурун өз алдынча ээлик түзүп, ага көз карандысыз башкаруу тартибин орнотуп, чоӊ жана кичине элдер менен тең ата мамиле жүргүзүүдө натыйжалуу ийгиликтерге алып келген кыргыз элинин эӊ негизги таянычы жана ишеничи эреже-тартиптерден, жүрүм-турум адебинен, каада-салтынын жыйындысынан куралып, улуттук дүйнөтаанымдарына шай келген улуттук нарк мыйзамы иштелип чыккан. Улуттук нарк кылымдар бою мезгилдин сынынан өтүп,  толукталып, бекемделип жүрүп отурган. Нарктын таасири эӊ жогорку деӊгээлге өсүп чыккан, алсак эл арасында “Хан бийлигинен нарк күчтүү”, “Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок” деген накыл сөздөр Айкөл Манас атабыздын доорунда жаралып, азыркы мезгилге чейин өзүнүн күчүн жоготпой келе жатат.

«Мамлекеттик башкаруу иштерине башка диний ишенимдер жана кызыкчылыктар таӊууланган учурда эл арасында жиктер пайда болуп, ынтымактын ыдырашына кайсыл бир деӊгээлде таасир бере баштаган. Тарых барактары мындай окуялардын бир нечесин тастыктап бере алат. Мамлекеттик башкаруу системасында нарктуулуктун бузулушу ири дөөлөттөрдүн, өлкөлөрдүн урашына алып келген», — деп жазылат жарлыкта. Өлкөнүн жаңы Баш мыйзамында моралдык жоопкерчилик, адеп-ахлак тууралуу жобо киргизилген. Буга чейин Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине мектептерге руханий адеп-ахлакты өнүктүрүү сабактарын киргизүүнү тапшырган.

Даярдаган; Махабат Алымбек кызы

30-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 200
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X