Улуттук тарых музейге Азербайжандын Эсептөө палатасынын делегациясы келди

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 106
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясы келди.
Сапардын жүрүшүндө делегация мүчөлөрү Кыргызстандын тарыхы, кыргыз элинин бай маданий мурасы жана өлкөнүн тарыхый өнүгүү этаптарын чагылдырган музей экспозициялары менен таанышты. Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Музейге болгон сапар конокторго Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүп, эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого өбөлгө болду.
Улуттук тарых музейи чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алуу менен Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын таанытууга жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошуп келет.
21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 106
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X