Унаа оңдоочу жайдан өрт чыкты
ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн, 20-январь күнү, Бишкектин Балбан-Таймаш конушунда техникалык тейлөө борборунан (СТО) өрт чыкты.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 07:01ден тарта жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ бир доону менен жана штаб тартылып, тилсиз жоо саат 08:00дө чектөөгө алынды.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.