УТРКнын “Баластан” телеканалынын продюсери Бактыгүл МОМБЕКОВА: “ӨЛКӨНҮН БАШКЫ БАЛДАР КАНАЛЫ – “БАЛАСТАН”

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 187

Балдар телеканалынын контентин уюштуруу, балдар үчүн сапаттуу, мааниси терең мультфильмдер менен программаларды эфирге чыгарууга жооптуу жетекчи Бактыгүл Момбекова менен кенен маек курдук.

— Бактыгүл айым, бүгүнкү күндө кыргыз тилдүү балдар контентинде суроо-талап кандай болуп жатат?

— Бизде суроо-талап өтө эле күчтүү. Себеби, учурда күнүгө 15 сааттык эфир берип жатабыз. Таңкы саат 7.00дөн кечки 22.00гө чейин тынымсыз балдар үчүн контент көрсөтүлөт. Мурда эфирден жети жарым сааты орус тилинде чыгып келген. Акыркы жылдары, тактап айтканда, 2021-жылдан 2025-жылга чейин тил комиссиясы менен биргеликте кыргыз тилин өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында мультфильмдерди которууга жана анимация жасоого өзүнчө каражат бөлүнүп берилди. Бул программа ишке киргенден бери жылына алты мультфильмди (ар бири 52 сериядан турган) Котормо студиясы менен биргеликте кыргыз тилине которуп, эфирге чыгардык. Башка тилден которулган мультфильмдер атайын студияда кыргызчага которулуп, андан соң биздин телеканал аркылуу көрсөтүлөт. Мындан тышкары, жыл сайын төрт анимациялык мультфильм даярдалды. Ар биринин узактыгы болжол менен 10 мүнөттү түзөт. Алдыда дагы эки жаңы мультсериал тартуунун үстүндөбүз.

— Балдар үчүн сапаттуу, тарбиялык мааниси жогору контент түзүүдө эмнелерге басым жасайсыздар?

— Биз алты чет элдик мультфильмди тандоодо алардын тарбиялык маанисине өзгөчө көңүл бурабыз. Алгач “Баластан” телеканалынын жумушчу тобу ар бир мультфильмди кылдат карап, мазмунун талдап чыгып, андан кийин гана сунуштоого жиберилет. Тандалган мультфильмдер боюнча биз өндүрүш компаниялары менен келишим түзүп, белгиленген мөөнөт ичинде көрсөтүүгө укук алабыз.

 — “Баластан” телеканалы дегенде эле анимация боюнча баары Актан жана Акылайды билишет. Андан башка дагы кандай которулган мультфильмдер бар?

— “Баластан” телеканалында көптөгөн кызыктуу жана балдар үчүн пайдалуу мультфильмдер көрсөтүлөт. Мисалы, учурда эфирден “Тайонун кызыктуу окуялары” аттуу мультфильмибиз которулуп, көрсөтүлүп жатат. Мультфильмдерди көрсөтүүдө келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин ал мультфильмди эфирден чыгарууга укугубуз болбой калат. Бирок айрым мультфильмдерди кайра эфирден кетиришибизди суранып, көп кайрылышат. Андан тышкары “Боёкчолор” аттуу мультфильмибиз да кыргыз тилине которулуп, эфирден жана YouTube каналыбыздан көрсөтүлүп жатат. Дагы көптөгөн келишимдин негизинде алынган мультфильмдерди которууда “Котормо” студиясынын кызматкерлеринин эмгеги чоң.

— Чет элдик мультфильмдердин котормосу ютуб каналыңыздардан берилеби?

— Жок, биз чет элдик мультфильмдердин котормолорун YouTube каналыбызга чыгара албайбыз. Анткени, алардын көрсөтүлүшү келишимдин шартына жараша телеканалдын эфирине гана уруксат берилет. Ал эми өзүбүздүн анимациялык мультфильмдер “Баластандын” менчиги болуп эсептелет. Ошондуктан толугу менен бизге тиешелүү болгон мультфильмдерди гана YouTube каналыбыз аркылуу көрөрмандарга сунуштай алабыз.

— Сиз “Баластан” каналына жетекчи болуп келгенден кийин кандай өзгөрүүлөр болду?

— Буга чейин дагы “Баластан” каналы жакшы иштеп келген. Бирок, мен келген учурда 5 жылдык программа менин жетекчилигиме туш келип калды. Ошондон бери мурдагыга караганда кошумча кыргыз тилдүү материалдар көбүрөөк чыгып жатат. Биз аракет кылып жаңы берүүлөрдү жасап, мурдагы жакшы долбоорлорду да улантып жатабыз. Дагы жаңы долбоорлорду тартып, эфирге берип келебиз. Былтыркы жылы телесезонго 12 жаңы көрсөтүү алып чыкканга жетиштик.

— Анимация тармагын өнүктүрүүгө 50 млн сом бөлүнгөн экен. Бул каражат кандай жумшалууда?

— Чынын айтсам, ал каражат бизге келген жок. Маданият министрлигине караштуу киноиндустрия багыты боюнча мекеме түзүлүптүр. Бизге берилбегендин себеби, биз тендер аркылуу иштейбиз. Тендер этап-этабы менен өтүп, убакыттын көбүн алып коёт экен. Ачык айтканда, бул система өтө оор, мен тендерге каршы да болом. 5 жылдык программанын алкагында алгач 4 млн, андан кийин 8 млн сом бөлүнгөн. Акыркы үч жылда анимация менен котормого 25 млн сомдон бөлүнүп жатат. Быйылкы анимация тартуу сезонунда тендерден эки компания утуп алды, алар – “Байрак”, “Мультимедиа”. Алар жаңы долбоор менен 153 мүнөттөн эки мультфильм тартууну пландап жатышат.

— Кыргыз YouTube чөйрөсүндөгү башка ири каналдар (мисалы, көңүл ачуучу, балдар үчүн мультфильм каналдары) менен салыштырганда “Баластан” кандай орунда турат?

— “Баластанды” башка YouTube каналдары менен түз салыштырып болбойт. Анткени “Баластан” – Кыргызстандагы жалгыз мамлекеттик кыргыз тилдүү балдар каналы. Биздин ордубуз коомдо өзгөчө болушу керек. Бизди мамлекет каржылайт, мамлекет үчүн иштейбиз. YouTubeда ар кандай көрүү топтоо үчүн деле материалдар көп чыгат, ал эми биздин контент сапатка басым жасайт. Бардыгы журналистиканын, режиссуранын нормалары менен тартылган сапаттуу көрсөтүүлөр, мультсериалдар, кыргызча берүүлөр менен толукталган.

 — Балдардын көбү телефонго байланып, терс таасирдүү мультфильмдерди көрүп жатышат. Кыргызча мультфильмдер аз деген ой-пикирди айтышат. Сиздер тарткан мультфильмдер жакшы эле көрүлүп жатабы?

— Биз тарткан бардык анимациялык мультфильмдер биздин каналдын менчиги болуп эсептелет. Ошондуктан аларды биринчи эфирден көрсөтүп, андан кийин YouTube каналыбызга жайгаштырабыз. Мисалы, өзүбүз тарткан жаңы жылдык жомок 1 жыл ичинде 6 млн 800 көрүүчүгө жетти. Бул абдан чоң көрсөткүч. Аталышы дагы чоң роль ойнойт. Балдарга кайгылуу окуялар жакпайт экен, алар шаңдуу, аягы жакшы бүткөн мультфильмдерди көргүсү келет. “Козулар”, “Сыйкырдуу калем”, “Билгичтер”, “Жаңыл мырза” сыяктуу долбоорлор дагы көп көрүүчүгө ээ болду. Азыркы учурда YouTubeда “Күмүш баскычтын” ээсибиз. Эми буюрса “Алтын баскычка” жетүү үчүн аракет кылып жатабыз.

 Чынара Калматова

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 187
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X