Уурулукка шектүүлөр кармалышты-ВИДЕО
2021-жылдын 29-май күнү Токмок шаарынын ИИБнө жергиликтүү 40 жаштагы жашоочу Б.О. арыз менен кайрылып, анын үйүнө белгисиз адамдар кирип, “Вепрь-КМ” үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгын жана 7,62х39мм калибрдеги 200 даана огунун уурдалганын билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү учурунда, үй ээси үйүндө жок учурда, белгисиз адамдар терезе аркылуу кирип, үйдөгү сейфте сакталып турган ок атуучу куралды жана ок дарыларды уурдап кетишкени маалым болгон.
Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы уурулукка шектелишип, 26 жаштагы Ж.И., 24 жаштагы М.М. жана Ж.Н. аттуу жарандар кармалышкан. Шектүүлөрдүн арасынар экөө буга чейин уурулук боюнча сот жообуна тартылганы териштирүү учурунда маалым болгон.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кылмышка шектүү жарандардын дагы Токмок шаарында 8 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги билинген. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар, же жок экендигин аныктоо боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда, дейт Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы.
too.kg/?attachment_id=12221″ class=»wp-image-12221″ />
too.kg/?attachment_id=12222″ class=»wp-image-12222″ />
too.kg/?attachment_id=12223″ class=»wp-image-12223″ />