"Эркин-Тоо"

ВЛАДИМИР ПУТИН КАЙРА ШАЙЛАНДЫ

Владимир Путин Орусиянын президенттигине болуп өткөн шайлоодо 87% добуш менен атаандаштарын жеңип чыкканы маалым болду. Акыркы маалыматтарга таянсак, Орусиянын аймагындагы шайлоо участкаларында добуштардын 98%ы саналып бүткөнү айтылууда. Бул жолку жеңиши В. Путиндин 2030-жылга чейин созулуучу 5-жолку президенттик мөөнөткө шайланганын аныктайт. Шайлоо бюллетендеринде төрт талапкердин аты жазылган. КПРФ партиясынан Николай Харитонов – 4,3%, Владислав Даванков – 3,8%, Леонид Слуцкий – 3,2% добуш алгандыгы, 1,4% бюллетендер жараксыз деп табылганы боюнча РФ ЖМКлары аркылуу дүйнө коомчулугуна расмий маалымат жайылтылды.

Бул жолку РФнын президенттик шайлоосунда Согушка каршы чыккан талапкерлер — журналист Екатерина Дунцованы, Долгопруд аймагынын муниципалдык депутаты Бориса Надеждинди Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катыштырган эмес деген маалымат бар. Е.Дунцовага шайлоого катышуу үчүн кол топтоого уруксат берилген эмес. Б. Надеждин 200 миңден ашуун шайлоочулардан кол чогулткан, бирок РФ БШКсы алардын ичинен мыйзамга ылайык келбеген жаңылыштыктар менен толтурулган баракчалар бар деп, каттоодон баш тарткан. Б. Надеждин РФ БШКсын сотко бергени, бирок андан эч кандай жыйынтык чыкпаганы маалым болгон.

Владимир Путин 2000-жылдан бери президенттикке ат салышып келе жаткан шайлоо өкнөктүгүндө эң көп добушту ушул жолу алган. Бул анын РФ Президенттигине бешинчи жолу ат салышып, жеңишке жеткенинин далили. Алты жыл мурда өткөн Президенттик шайлоодо В. Путин шайлоочулардын 76,7% добушуна ээ болгон эле. Шайлоочулардын басымдуу көпчүлугү В. Путинди колдогонунун негизги себебин учурдагы РФ менен Украинанын ортосундагы согуштук кырдаал да бир топ таасир эткенин белгилеген шайлоочулар да жок эмес. Владимир Путин 2022-жылы февралда Украинага каршы согуш ачууну буйруган. Ал эми 2020-жылы Орусиянын Баш мыйзамына толуктоолорду киргизген, бул анын президенттик кызматта дагы эки мөөнөткө калуусуна мүмкүнчүлүк берерин тастыктайт.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Орусиянын шайлоочуларынын 74,2%ы добуш берүүгө катышкан. Өлкөнүн Дагестанда, Кемеров, Белгород, Иванов облустарында, Ханты-Мансы, Ямал-Ненец автоном облустары сыяктуу ондогон аймактарында добуш берүүнүн көрсөткүчү бирдей темпти кармаганын РФнын расмий ЖМКлары маалымдаган. Анда Президенттик шайлоо Украинанын оккупацияланган аймактарында да, анын ичинде аннексияланган Крым менен Севастаполдо да ийгиликтүү өткөнү кабарланууда. Ал эми Батыш өлкөлөрү Орусиянын президентин шайлоо Украинанын оккупацияланган аймактарында өткөнүн сынга алып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын билдиришүүдө.

Шайлоочулардын укугун коргоочу “Голос” кыймылы добуш берүү жана аларды саноо учурунда түрдүү мыйзам бузууларга жол берилгенин айткан. Ага ылайык, шайлоочуларды “айлампа” добуш бердирүү, бюллетендерди массалык түрдө үкөккө таштоо орун алганын кабарлаган. Бул жолку президенттик шайлоо өнөктүгү Орусиянын тарыхындагы “эң кызыксыз” өткөнүн “Голос” кыймылы айтып чыккан. В. Путинден башка талапкерлер шайлоого активдүү катышуу ниетин, шайлоочулардын добушун арбынын алуу үчүн жакшырак аракет да кылышкан жок,” деп баса көрсөтулгөн кыймылдын спресеп корутундусунда.

РФ президентин шайлоо өткөн үч күн ичинде шайлоочулар тарабынан бир нече жолу бюллетендерди жараксыз кылуу аракети катталган. Ар кайсы аймактарда шайлоочулар үкөктөрдү өрттөөгө, түстүү боекторду бюллетендерге куюп, жараксыз кылууга аракет жасашкан. Жалпы РФ боюнча 60тан ашуун кылмыш иши козголуп, 150дөн ашык административдик протоколдор түзүлгөн. Кылмыш иштердин басымдуу бөлүгү, “террордук акт тууралуу жалган маалымат таратуу” беренеси менен козголгонун Орусиянын Ички иштер министрлиги расмий билдирген. Орусиядагы президенттик шайлоо учурунда саясий камоолорго байкоо салган «ОВД-Инфо» тобу жекшембиде, шайлоонун акыркы күнүндө 14 шаарда 65тен ашык киши кармалганын билдирген.

“Настоящее время” TVнин маалыматына таянсак, Татарстандын Казан шаарында 20 киши кармалып, кийин кое берилген. Башкортстандын Уфа шаарынын тургуну добушканада оппозициялык саясатчы, маркум Алексей Навальныйдын сүрөтүн бюллетен салуучу үкөккө салууга аракеттенгени, Москвада А. Навальныйдын сүрөтү тартылган футболка кийип шайлоого барган киши кармалганы кабарланууда. Санкт-Петербург шаарында бир аял шайлоо участогунун кире беришине “Молотов коктейлин” таштаганы, дагы бир нече киши бюллетендерге  жашыл боёк (зеленка) чачканы тууралуу маалыматтар да айтылууда. Ошондой эле Орус оппозициячыл кыймылы жекшемби күнү Жалпы РФ жарандарын «Путинге каршы чак түш» деген акцияны өткөрүү үчүн шайлоо участокторуна жапырт келүүгө үндөгөн фактылар да катталган. Бирок мына ушундай тоскоолдуктарга карабай, шайлоонун жыйынтыгы шайлоочулардын 87% добушун алган Владимир Путиндин жеңиши менен аяктаганы маалым болду.

 

Бахпурбек АЛЕНОВ

№22 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 19-марты