Волейбол боюнча улуттук курамага тандоо башталды

23-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80

Волейбол федерациясы кабарлагандай, Бишкекте волейбол боюнча улуттук курама командага оюнчуларды тандоо башталды.

Маалыматка ылайык, учурда Жогорку Лига «А» турниринин биринчи туру өтүп жатат. Ага эркектер арасында 8, аялдар арасында 8 команда катышууда.

Турнир 3 турдан турат. Ошол 3 турдан тең жеңип чыккан эки команда Улуттук Лигага чогулат. Андан кийин алардын арасынан Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы үчүн оюнчулар тандалып алынат.

23-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X