Ыктыярчыларга «Адамга адам керек» тасмасы тартууланды

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 89

Кечээ Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эмгектенген ыктыярчылар үчүн «Адамга адам керек» тасмасынын атайын көрсөтүүсү өттү.

Иш-чарага тасманын режиссёру Азамат Арыков баштаган чыгармачыл топ катышып, тасманы ыктыярчыларга тартуулады. Көрсөтүү жаштарга колдоо көрсөтүп, аларга жакшы маанай тартуулоо жана коомдук мааниге ээ тасма менен тааныштыруу максатында уюштурулган.

Атайын көрсөтүүгө Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, белгилүү агартуучу Гапыр Мадаминов жана Көчмөндөр оюндарында иштеген ыктыярчылардын жетекчиси Ишенбек Курманакунов да катышты.

Маданий жолугушууда ыктыярчылар тасманы көрүп, чыгармачыл топ менен баарлашты. Мындай иш-чаралар коомдук иштерге активдүү катышкан жаштарга дем берип, алардын чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X