Ыш боюнча маселе кийинки аптада талкууланат
Жогорку Кеңеште Бишкекти каптаган ыш боюнча маселе кийинки аптада талкууланат. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ЖКнын 15-январдагы жыйынында айтты.
Депутат Дастан Бекешев борбордогу ыш көйгөйүн 2025-жылы парламенттин биринчи аптасындагы отурумунда талкуулоо чечими кабыл алынганын, бирок эмне себептен жылып кеткенин сурап, маселени талкуулоо керектигин айтты.
“Бул өтө актуалдуу маселе. Адамдар ышты үйүндө отуруп алып, социалдык тармактарда талкуулап жатышат. Жогорку Кеңеш, өкмөт, бийлик маселени качан чечет деп күтүп отурушат”, — деди ал.
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Эмил Токтошев да маселенин маанилүүлүгүнө токтолду.