Ыштын себеби аталды

20-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек жана Чүй облусундагы абанын булганышы боюнча отчет берди. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынындагы баяндаманы министр Медер Машиев жасады.

Машиев катализаторсуз унаалардын иштеши, бак-дарактардын кыйылышы жана башаламан өнүгүү абанын булганышына олуттуу таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

«Ыш дагы деле бар, бирок анын көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу азайды», — деди министр.

Министрдин айтымында, эл аралык уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, Бишкектеги түтүндүн негизги себептери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • жеке сектордо көмүр менен жылытуу — 40%;
  • эски унаалар, катализатору жок унаалар — 30%;
  • ЖЭБ — 15%;
  • шамалдын чаңы — 13,5%;
  • өнөр жай объектилери — 1,5%
20-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X