Ысык-Атада мектепте иштебеген адамдарга мыйзамсыз айлык төлөнгөн
Ысык-Ата районундагы мектептердин биринде иш жүзүндө иштебеген адамдарга мыйзамсыз эмгек акы төлөнүп, мамлекетке 1 млн 700 миң сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.
Бул тууралуу райондук прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Сай айылындагы И. Байбеков атындагы орто мектепте жооптуу кызматкерлер жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана эмгек акы төлөө тизмелерине жалган маалыматтарды киргизип, ишке келбеген адамдарга айлык акы эсептеп турушкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 1,7 млн сомдон ашканы белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси — кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары уланууда.