"Эркин-Тоо"

Ысык-Көл милициясы кызмат өтөө учурунда каза болгон кесиптештерин эскеришти

Бүгүн, 18-май күнү, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Даңк мемориалынын алдында ыкчам-жетекчилик курамы чогулуп, кызмат өтөө учурунда курман болгон кесиптештеринин эскеришти. Ысык-Көл облусу 1970-жылы кайрадан түзүлгөндөн баштап, 18 милиция кызматкери каза болгон. Бүгүнкү күндө, облуста кызмат учурунда каза болгон ички
иштер органдарынын кызматкерлеринин 17 үй-бүлөөсү бар. Курман болгон милиция кызматкерлерин эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөгөн Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Таалайбек Нурбаев, бүгүнкү күн кайгылуу, ошол эле учурда салтанаттуу күндөрдүн бири деди:

«Бүгүн биз жарандарыбызды коргоп жатып, куралдуу кылмышкерлердин колунан курман болгон кесиптештерибиздин жаркын элесине таазим көрсөтүп жатабыз. Бул салтыбыз бир нече жылдан бери уланып келе жатат. Облустун тургундары өз милдетин татыктуу аткарган баатырлары менен ар дайым сыймыктанып келет», — деди.

Иш-чаранын соңунда Даңк мемориалынын алдына гүлчамбарлар коюулду. Ушундай иш-чаралар, Ысык-Көл облусунун бардык шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө дагы өткөрүлдү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!