Ысык-Көл: Тегирменде канжалаган жансыз дене табылды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Курургу айылында адам өлтүрүү фактысы катталды. 3-июнда Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшүп, аталган айылга жакын жайгашкан тегирмендин жанынан адамдын канжалаган жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге райондун милициясынын тергөө-ыкчам тобу барып, каза болгон адымдын киши колдуу болгонун аныкташкан. Милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн аныкташты, ал 39 жаштагы жергиликтүү тургун Э.К. болуп чыккан.

Учурда атайын түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу тарабынан бул кылмышты тиешеси барларды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X