"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр мода фестивалы өтөт

Фестивал Ысык-Көлдүн жээгинде КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен  15-18-июль күндөрү өтөт. Бул тууралуу долбоордун автору Назира Бегим билдирди.  Анын айтымында  фестивалга  Африка өлкөлөрү, Япония, Франция, Марокко сыяктуу 25 өлкөдөн кол өнөрчүлөр, дизайнерлер келип катышышат. “Дүйнөлүк мода фестивалы 2019-жылы өткөн. 2020-жылы пандемия шартында токтоп калган. Ал эми быйыл бардык санитардык эрежелерди сактоо менен 4 күн дүйнөлүк көчмөндөр модасы даңазаланат”,-дешет уюштуруучулар. Маданий иш-чаранын  жүрүшүндө көчмөндөрдүн кийим кийүү маданияты  боюнча илимий конференциялар, боз үйлөр сынагы уюштурулат. Мындан тышкары куурчак боюнча илимий изилдөөлөр жарыяланмакчы.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!