Ысык-Көлдө кыргоолдун саны көбөйүүдө

16-январь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 66

Ысык-Көл облусунда кыргоолдун саны өсүп, аларды коргоо жана көбөйтүү багытындагы иштер күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, облуста жапайы жаратылышты коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар оң жыйынтык берип, мурда саны азайып кеткен кыргоолдун популяциясы акырындык менен калыбына келе баштады.

Кыш мезгили кыргоолдор үчүн эң оор учур болуп эсептелгендиктен, кошумча камкордук көрүү максатында министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгына караштуу Ак-Суу райондук бөлүмү канаттуулар байырлаган аймактарда жем чачуу иштерин уюштурду. Бул демилгени жергиликтүү мергенчилер коому да колдоого алды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз аңчылыкка каршы көзөмөл күчөтүлүп, жапайы жаратылышка зыян келтирген жарандарга карата жоопкерчилик чаралары катуулатылды. Адистердин маалыматына караганда, кыргоолдор үчүн негизги коркунуч жырткычтар болуп саналат жана бул багытта да тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Күзгү куш санагынын жыйынтыгында Ак-Суу районунун аймагында 1200гө жакын кыргоол катталды. Бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу жогору экени белгиленет.

Жапайы жаратылышты жана канаттууларды коргоо боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылары айтылды.

16-январь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X