Ысык-Көлдө мыйзамсыз аңчылык менен алектенгендер кармалды — ВИДЕО

28-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 41

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы, жаратылышты коргоо мекемелери менен бирдикте, мыйзамсыз аңчылык жана курал-жарактарды тегеретүү эрежелерин бузуу фактыларын аныктоо, алдын алуу максатында, «Браконьер» аталышында ыкчам-профилактикалык иш чарасын өткөрдү.

Анын жыйынтыгы менен 26-февралда мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен «Нива-Тайга» жана «Nissan Patrol» үлгүсүндөгү автоунааларын Жети-Өгүз районунун сырт өрөөнүнүн «Жаман-Эчки» коктусунун кире беришинен кармашкан.

Автоунааларды текшерүү учурунда Барскоон айылынын тургундары 45 жаштагы У.А., 51 жаштагы Б.Н., ошондой эле Бишкек шаарынын тургундары 50 жаштагы Т.Т., 60 жаштагы К.И., 58 жаштагы Н.Б. жана 60 жаштагы И.Б. тиешелүү болгон 4 сайлуу жана 2 сайсыз ок атуучу куралдар табылып алынган. Андан тышкары автоунаадан, кара капка  салынган, болжолдуу тоо текесине тиешелүү болгон жаңы союлган эти табылган.

Аталган факты боюнча материалдар Жети-Өүз РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 310 (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) беренеси менен кылмыш иши козголду.

Керектүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары уланууда.

to_2022-02-28_06-21-53-3.jpg» alt=»» width=»1280″ height=»699″ />to_2022-02-28_06-21-53-4.jpg» alt=»» width=»1280″ height=»704″ />to_2022-02-28_06-21-53.jpg» alt=»» width=»1280″ height=»761″ />

28-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X