Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүргүзүлдү
2026-жылдын 11-январында Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз балык уулоого каршы кезектеги рейддик иш өткөрүлдү. Аны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы уюштурду.
Бул иш Президенттин №131-Жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлүп, көлдөн жалпы узундугу 300 метрге жеткен балык уулоочу торлор табылды.
Аталган кызмат билдиргендей, мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча чаралар мындан ары да улантылат.