Ысык-Көлдө сууга чөгүп бара жаткан кыздардын өмүрүн сактап калышты

6-июль, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 43

Ысык-Көлдө сууга чөгүп бара жаткан кыздардын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынын Кой-Сары тилкесинде эки кыз көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган аймакка Каракол шаардык № 15 ӨК бөлүмүнөн 4 жана Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Ал арада

куткаруучулар жерине жеткичекти райондун Кой-Сары аскер базасынын кызматкерлери чөгүп бара жаткан кыздарды катер менен сүзүп барып, өмүрүн сактап калышкан. Алар көл жээгине чыгарылган эки жаранды ӨКМдин куткаруучуларына өткөрүп беришкен. Андан соң куткаруучулар аларды медицина кызматкерлерине жеткиришкен.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, кыздардын абалы оор экени белгилүү болду. Алар Липенка айылынын 22 жаштагы А.Б жана А.А. аттуу тургундары.

 

6-июль, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X