Ысык-Көлдө ысырапкорчулукка каршы Президенттин Жарлыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

9-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 56

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери тарабынан,  «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча»  Президентинин жарлыгынын негизинде, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жер-жерлерде жолугушуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мындай жолугушуулар  учурда Жети-Өгүз районунда жүрүп жатат.

Иш чаранын жүрүшүндө, райондук милиция кызматкерлери тарабынан калкка ысырапкерчилик жана  ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк экономикалык абалга  өзүнүн терс кедергесин тийгизерин түшүндүрүүдө.

9-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X