Ысык-Көлдөгү Кереге-Таш айыл өкмөт башчысы ысырапкорчулукка каршы чечим чыгарды
Чечимге ылайык, Сары-Камыш айылында өлүм чыкса, кара ашына союлуучу мал 2-3 кой болуп белгиленсин. Эгерде элдин чечимине каршы болуп, 3 койдон ашык союлса, айылдын имамы жаназа окубасын. Бодо мал союлса, эркектер топурак салууга барбасын. Күнүгө ар кайсы көчөдөн өзүнчө куран окулбасын, бир күн белгиленип окулсун. Баштык көтөрүп баруунун ордуна акча алып баруу сунушталсын, — деген чечим 15-февралда чыгарылган.