Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафонунун жеңүүчүлөрү аныкталды.
Ага 22 өлкөдөн келген 3000ден ашуун профессионал спортчулар, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана чет мамлекеттердин элчилери да катышты.
Эркектер арасында марафондун (42,2 чакырым) жеңүүчүлөрү:
Биринчи орун — Шохрух Давлатов (Өзбекстан), байгеси 200 миң сом;
Экинчи орун — Илья Тяпкин (Кыргызстан), 140 миң сом;
Үчүнчү орун — Бердигул Айтпай уулу (Кыргызстан), 100 миң сом.
Кыз-келиндер арасында марафондун жеңүүчүлөрү:
Биринчи орун — Екатерина Тунгускова (Өзбекстан), байгеси 200 миң сом;
Экинчи орун — Галина Якушева (Казакстан), 140 миң сом;
Үчүнчү орун — Юлия Фернас (Кыргызстан), 100 миң сом.
Эркектер арасында жарым марафондун (21,1 чакырым) жеңүүчүлөрү:
Биринчи орун — Нурсултан Кеңешбеков (Кыргызстан), байгеси 70 миң сом;
Экинчи орун — Рахимжан Келманов (Казакстан), 50 миң сом;
Үчүнчү орун — Сергей Платонов (Беларусь), 30 миң сом.
Кыз-келиндер арасында жарым марафондун жеңүүчүлөрү:
Биринчи орун — Евгения Прокофьева, байгеси 70 миң сом;
Экинчи орун — Ольга Немогай (Беларусь), 50 миң сом;
Үчүнчү орун — Гүлшаной Сатарова (Кыргызстан), 30 миң сом.
Ысык-Көл марафону Борбор Азиядагы «эл аралык» деген статуска ээ квалификациялык жалгыз жарыш.
Мында жеңил атлетика боюнча Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.