Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди
Курулуш тармагындагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана курулуш объектилеринде белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында Ысык-Көл облусунда 23 объект текшерилди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 15-ноябрда Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров баштаган топ тарабынан рейд жүргүзүлдү.
Текшерүүгө Кара-Ой, Сары-Ой, Тамчы, Чок-Тал, Бостери айылдарындагы жана Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу борборлору, мейманканалар, апартаменттер, коттедждер жана турак үйлөр кирди.
Алардын катарында «Турпан Парк», «Терма», «Фонтан Плюс», «Алтын-Кум-Плюс», «Турпан Резорт», «Форте Вилладж», «Урпак Резорт», «One Resort», «Даймонд Резорт», «Имарат Резорт», «Ак-Кеме Резорт» жана башка объектилер бар.
Рейд учурунда курулуш-монтаждоо иштеринин бекитилген долбоордук документтерге шайкештиги, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышы, ошондой эле тармакка киргизилген жаңы талаптардын аткарылышы текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, кемчиликтерди жоюу үчүн көрсөтмөлөр берилет.
Курулуш талаптарын одоно бузган же берилген көрсөтмөлөрдү аткарбаган подряддык уюмдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.