Ысык-Көлдөн 1300 метр тор чыгарылды

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы жана Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы көлдүн экосистемасын коргоо максатында ыкчам иш-чара өткөрдү.

Иш-чара Президенттин №131 Жарлыгын аткаруу алкагында уюштурулуп, анын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 1300 метр болгон эски синтетикалык торлор чыгарылды.

Учурда көлдү мыйзамсыз орнотулган торлордон тазалоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу иштери уланууда.

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X