Ысык тамакка бөлүнгөн каражат көбөйтүлдү

1-майдан тарта Бишкек шаардык кеңештин токтомуна ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактануунун баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн:

— 3 жашка чейин бир балага күнүнө — 100 сом; (мурдагы норма 58 сом болгон)
— 3 жаштан 7 жашка чейин бир балага күнүнө — 120 сом; (мурунку сумма 60 сом болгон)
— психикалык жана физикалык өнүгүүсүндөгү кемчиликтери бар балдар үчүн тамактануунун нормасын жогорулатуу 120 сом, күнү-түнү болгон топтордо 120 сомго чейин;
— кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада бир балага 150 сом, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен (мурдагы норма 95 сом болчу).

Белгилей кетсек, Президенттин 1992-жылдын 23-декабрындагы № ПП-391, 1993-жылдын 13-майындагы № ПП-145 «Республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды багуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, кошумча төлөө принциби, 50 пайызын муниципалитет, калганын ата-энелер төлөйт.

Окуучулар жана жалпы билим берүү уюмдары үчүн:

— жалпы билим берүү уюмдарында жетим балдар жана 5-7-класстардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн 22 сом өлчөмүндө (мурдагы норма 14 сом болгон);
— 1-4-класстын окуучулары үчүн билим берүү мекемелеринде тамактануунун нормасын 22 сомго чейин көтөрүү (мурдагы норма 14 сом болгон);
— жалпы билим берүү уюмдарында психикалык жана физикалык жактан бузулган балдар үчүн бир окуучуга күнүнө 36 сомдон (мурдагы тариф 28 сом болгон);
— Октябрь районунун №71 мектеп-интернатындагы жана Биринчи май районундагы №1 А.Каниметов атындагы мектеп-интернатындагы балдар үчүн, бир балага күнүнө 200 сомдон тамактандыруунун нормасы жогорулаган (мурункусу 110 сом болгон);

 

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!