Ысырапкорчулукка жол берилбесин. Президенттин Жарлыгы боюнча ой-пикирлер
КР Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ой-пикирлер
Коомдук ишмер Карганбек Самаков:
— Президенттин Жарлыгын учурунда чыккан туура чечим деп эсептейм. Биз ислам динин тутунган элбиз. Исламда дагы ысырапкорчулукка жол берилбейт. Муну эми бардык бийлик бутактары колдоого алып, жер-жерлерде акимдер, айыл өкмөт башчылары, милициялар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өздөрү дагы үлгү көрсөтүшү керек. Ошондо гана элде ысырапчылыкты токтотуу башталат.
Экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков:
— Юридикалык жактан алганда ар ким өз мүлкүнө, малына өзү ээлик кылат. Бирок пандемиянын кесепети, азыркы Украинада болуп жаткан жаңжал газдын, күйүүчү майдын, доллардын кымбатташына алып келүүдө. Бул биздин экономикага да залалын тийгизет. Демек, белибизди бекем бууй турган мезгил келди. Муну жеңүүнүн бир жолу – ысырапкорчулукту токтотуу. Насыя алып маркумга мал союу, келин алуу, банктан кутула албай үй-жайынан ажыроо дегендер болуп жатат. Адам өлүп, үй-бүлөсү мүңкүрөп турса, дасторкондун үстүн жайнатып, кур намыс үчүн казан-казан эт асып, тойго айлантып жиберүү ошол үй-бүлө мүчөлөрүн басынтууга жатат. Айрым учурда өлүк чыккан үйдө “ачууну арак басат” деп аны бузуп бермейлер болууда. Алыстан келгендерге туура, анча-мынча чай берсе болот. Анан кымбатчылыкка карабай, ысырап кыла берүү такыр туура эмес. Президентибиздин ушул багытта чыгарган Жарлыгын колдойм. Бүткүл дүйнөдө экономикалык кризис жүрүп жатканда, “бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар?” Материалдык, моралдык жагынан алганда да Президенттин бул чечими колдоого алаарлык. Президенттин чыккан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп, ревизиялап жаткандыгы да эң туура.
Тарыхчы, коомдук ишмер Кыял Молдокасымов:
— Бул эң туура чечим болду. Маркум чыккан үйдө бодо мал союлбай, кошуналардын үйүнө бир-эки козу союлуп, алыстан келгендерди ачка калтырбай узатса болот. Жобо иштелгенде аза күтүүдө эл эрте келип албай, сөөк койоорго жакын, курсагыңарды тойгузуп келгиле же алыстан келгендер жей турганыңарды өзүңөр менен ала жүргүлө деп киргизип коюу керек. Бодо малдан сырткары бир топ ыгым-чыгымдарды да карап, аларды Жобого киргизүү зарыл. 100-200 жылдык мааракелерде да катар-катар союш сойдурбай, анын ордуна өмүрүн, аткарган ишин иликтеп, китеп чыгаргыла деп Жобого киргизип койсо туура болмок.
Жазуучу Айдарбек Сарманбетов:
— Жарлыктын чыгышы кийинки кездери пайда болгон эл ичиндеги атаандашуудан арылтууга, ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөөгө, элдин турмушун жакшыртууга багытталган. Элде көптөн бери айтылып келе жаткан көйгөйдү акыры чечүүгө аракет жасалды деп түшүнөм. Жакын адамы дүйнөдөн өтүп, азага батып турган адамдын союшту, меймандарды жайгаштырып, кандай устукан тартып конок кылууну ойлоп жатышы — акылга сыйбаган адат. Бул, маркум чыккан үйдө жакындарын өлгөндүн үстүнө көмгөн кылуу. Өлүк коюу тойдон айырмасы жок адат болуп кеткени өтө өкүндүрөт. Эч бир элде кыргыздардай күтүрөтүп мал союу жок. Колунда жоктор элден кем болбоюн деген куру намыстын аркасында чоң карызга батып, турмушу ого бетер жакырланууда. Жарлыкты аткарууну бардык айыл башчыларына, имамдарга тапшыруу керек. Өлүк чыккан жерден эт, тамак-аш салынган пакет көтөрүп кетүү да салтта жок эле, ал күчөп кетти. Эркектер да уялбай калды. Бул — маркумдун оокатын талап-тоноого барабар.
Коомдук ишмер Ибрагим Жунусов:
— Мен Президенттин ысырапкорчулукту азайтуу боюнча чыгарган Жарлыгын эң туура деп эсептейм. Себеби, өлүм болгондо колунда бары да, жогу да жылкы, жок эле дегенде бодо мал союп элди узатат. Кара мал сойбосо эл сөз кылат. Сөзгө калбайын деп колунда жок болсо да, карыз алышат. Анан төлөй албай кыйналышат. Өкүнүчтүүсү — ошол айылдын аксакалдары акыбалын көрүп турса да кой, уят дегендин ордуна карыз алдырып сойдуртат. Бул нерсе токтосо эң жакшы болот эле. Себеби, акыркы мезгилде кыргыздын тою да, өлүктү узатуу зыйнаты да бирдей эле чыгым болуп калды.
Сымбат Максутова