Ысырапкорчулукту жоюунун бирдиктүү жобосу иштелип чыгат
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси менен мамлекет башчысынын облустардагы өкүлдөрү, муфтият жана казыят кызматкерлери, ошондой эле аксакалдар менен биргеликте ысырапкорчулукту жоюу жана кыскартуу боюнча онлайн жыйын өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Президенттин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн өлкөнүн бардык облустарында маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулукту жоюу, той, мааракелерди өткөрүүдө ашыкча чыгымдарга чектөө киргизүү боюнча сүйлөшүштү.
Жыйынтыгында Жарлыкты аткаруунун бирдиктүү жобосун иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.