Зер буюмдарды уурдагандар колго түшүрүлдү

Жайыл РИИБнө Кара-Балта шаарынын 34жаштагы жашоочусу И.Г. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 13-апрелинен14-апрелге караган түнү Кара-Балта шаарында жайгашкан соода үйүнө белгисиз бирөлөр терезеси аркылуу киришип, ал жерден зер буюмдарын (күмүш жана алтын жалатылган) уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 921 миң сомдон ашкан.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 33 жаштагы Б.М. аттуу аял киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка тиешеси бар деген шек менен Бишкек шаарынын 24 жаштагы жашоочусу Р.Э. аттуу жаран кармалып, Жайыл РИИБгө жеткирилип, кийин убактылу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X