Жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын коркуткан адамдар кармалды

6-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 66

Маловодное айылындагы салмак өлчөө постунда айдоочуну сабаган адам кармалды, деп билдирди Чүй ОИИББ.

Бүгүн, 6-майда социалдык тармакта жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын сөгүп, айдоочулардын бирин бир нече жолу муштаган эркек кишинин видеосу тараган.

Ал башка айдоочуларды дагы коркутуп, жүк ташуунун баасын төмөндөтүшсө, аларга күч колдоно турганын айткан.

Аталган факт Сокулук РИИБ тарабынан катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында видеодогу эркек кишинин жана анын шериктеринин өздүгү аныкталды. Алар 1991-жылы туулган Ч.Д., 1994-жылы туулган Т.М. жана 1985-жылы туулган Т.Ж. экени белгилүү болду.

Шектүүлөр кармалып, Сокулук РИИБде камакта кармалууда.

Тергөө уланып жатат.

6-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X